Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Жогорку соттун мурдагы төрагасы өкмөт менен Жогорку Кеңешке кайрылды


Облустун кексе ардагери Зулум Жамашев Жогорку Кеңеш менен өкмөттөн облустагы токой чарбаларды атайын коруктарга өткөрүүнү өтүндү. Анын белгилешинче, токой аянттарын ижарага берүү туура эмес болгон. Ижарачылар токойдон чөп чаап, мал бакканы менен канаттууларды, өсүмдүк, токой дарактарын сактабай, аларды атып-кыйып, кол салуу менен токойлордун жоюлуусуна уурулардан кем эмес зыян келтирүүдө. Натыйжада зор байлыгы бар токойлор жаңгак уюлдары менен бирге талап-тонолууда. Арстанбап аймагында эле 3200дөн ашык түтүн эл жашайт. Көмүр жеткирилбеген ал аймактын калкы бирден дарак кыйганда да кайсы токой калат. Кызыл-Үңкүр токоюнда расмий түрдө дарактын 183, куш-канаттуулардын 154 түрү катталса, алар да азаюунун үстүндө. Токойлорду тармактык кызматтардын күчү менен коргоо мүмкүн эмес, дейт Жогорку Соттун экс-төрагасы Зулум Жамашев. (YA)

XS
SM
MD
LG