“Чек арасыз кабарчылар” Эл аралык укук коргоочу уюм АКШ президенти Жорж Бушка бут кийимин ыргыткан ирактык журналисттин бошотулушун талап кылууда. Парижде жайгашкан бул уюм журналист Мунтадер аз-Зейдинин нааразылыгын билдирүү үчүн ушундай ыкманы тандап алганына өкүнүч билдиргени менен кырдаалды жумшартуу үчүн аны бошотуу керектигин айтат. Буга чейин дагы миңдеген ирактыктар журналисттин бошотулушун талап кылып, демонстрацияларды өткөрүшкөн.