“Курманбек Бакиев өзү бийликке 2005-жылы “Азаттык” аркылуу келгенин унутса дагы, 2005-жылы 24-мартта ыңкылап болду деп айткандан уялган ак үй унутпашы керек эле. 55 жылдан бери тынымсыз обого чыгып келе жаткан “Азаттык”, акыркы жылдары 24-марттын алдында токтотулду эле, мына ошол окуя эми кайталанып отурат”, -деп билдирди бүгүн парламент отурумунда СДП фракциясынан депутат Роза Отунбаева. Анын айтымында, өлкөдө сөз эркиндиги бир үй-бүлөнүн курмандыгына айланып, жалпы эл бир суткада обого эки саат чындыкты айткан үн алгыны укпай чаңкап турган маалы. (AJ)