Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

Укук коргоочулар: Ноокат окуясын тыкат иликтөө зарыл


Акыйкатчы алдындагы укук коргоочулар кеңеши өлкө президенти, Башкы прокуратура жана Акыйкатчыга Ноокат окуясынын чоо-жайын акыйкат, мыйзам чегинде иликтөөгө көмөктөшүү тууралуу өтүнүч менен кайрылды. Укук коргоочулар Ноокатта болгон окуя боюнча маалымат чогултушуп, аталган иш боюнча сотко саясий басым жасалбаганы, анык күнөөлүүлөр гана айыпка тартылганы күмөн экенин билдиришүүдө. 1-октябрь – Орозо айт күнү Ноокатта майрамдык иш-чараларды борбордук аянтта өткөрүүгө жергиликтүү бийлик тыюу салып, нааразы болгондор райондук мамлекеттик администрациянын имаратына зыян келтиришкен. Ошол окуяга тиешеси бар делген 32 адам 9дан 20 жылга чейин соттолгон. Укук коргоочулардын бүгүнкү кайрылуусунда ошол окуянын тегерегинде маалымат чындыкка дал келбегени, айыпкерлерди кармоодо күч колдонулганы, тергөө иши өтө тездик менен өткөнү тууралуу айтылат."Мунун негизинде, укук коргоочулар кеңеши президент, Башкы прокуратура жана Акыйкатчыны аталган окуянын чоо-жайын тыкат, акыйкат иликтөөгө көмөтөшүүгө чакырат",-деп айтылат кайрылууда.(AiJu)

XS
SM
MD
LG