Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

УТРКнын кызматкерлери ачкачылык акциясын токтотушту


Бул тууралуу ачкачылык жарыялаган журналист Бейшенбек Бекешов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Максим Горькийдин эстелигинин жанында ачкачылык жарыялап отурушкан улуттук каналдын беш кызматкерине президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев келип жолугушуп, өлкө башчысынын атынан бул маселени кысым көрсөтүү жолу менен эмес, кылдат иликтеп адилет чечим чыгарыларын айткан. “Мамлекет башчынын сөзүнө муюп ачкачылык акциясын токтотууга макул болдук”,-дейт Бекешов. Ал ошондой эле Горькийдин эстелигинин жанынан ураандарын жыйнап кете электе Мелис Эшимкановдун кишилери Бейшенбек Бекешов, Эркингүл Эшенкулова, Жайнагүл Максимованы кызматтан бошотуу тууралуу буйрук чыгарылганын кабарлаганын кошумчалады. Маалыматка караганда буга чейин журналисттер Шайыр Абдырахманов, Алтынбек Жумаев жана Ассоль Молдокматова кызматынан бошотулган. (AJ)

XS
SM
MD
LG