Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:56

Кыргызстандын түштүк башкалаасында электр энергиясын 12 сааттан өчүрүү графиги узартылды


Ош шаарынын вице-мэри Мухидин Мамасадыков мындай чечимди кабыл алуунун себебин калк электр кубатын чектөөдөн көбүрөөк пайдалангандыгы менен байланыштырды. Мисалы, ноябрь айында кыргыз өкмөтү бекиткен чек 63,5 миллион кВт/саат болсо, оштуктар жарыкты 14 миллион кВт/саат ашыкча жаккан. Ошон үчүн электр энергиясын 12 сааттан өчүрүү графиги 2008-жылдын 1-январына чейин узартылды. Оштогу «Эл Ук» бейөкмөт уюмунун башчысы Басира Сулайманова көзөмөлдүн жана жоопкерчиликтин жоктугунан жергиликтүү бийлик электр энергиясына каалагандай чектөөлөрдү киргизип, Президенттин, ошондой эле Өкмөттүн саясатына каршы иштеп, аларды элге жаман көрсөтүп жатышкандыгын жарыя кылды. (ATo)

XS
SM
MD
LG