Облустук эпидемияга каршы чукул комиссия райондогу №15- үй- бүлөлүк дарыгерлер борбору менен райондук оорукананын бирден дарыгеринин ишин укук коргоо уюмдарына өткөрүп бере турган болду. Комиссияда алардын белгисиз ит капкан баланы бири хирургиялык бөлүмгө, экинчиси поликлиникага жөнөтүп, өспүрүмдүн ден-соолугуна кайдигер мамиле кылгандыктан ал өлүмгө дуушар болгон деп белгиленди. Комиссия райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору менен санитардык кызматтын баш дарыгерлерине кутурма оорусуна каршы чечкиндүү аракеттерди көрбөгөндүгү үчүн акыркы эскертүү менен сөгүш жарыялап, райондук ветеринардык кызматтын жана билим берүү башчыларына эскертүү берди. (YA)