Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:34

Руандадагы геноцид боюнча Улуттар уюмунун соту өкүм чыгарды

Улуттар уюмунун Руанда боюнча кылмыш трибуналы бүгүн армиянын мурдагы полковниги Теонест Багосораны 1994-жылы Руандадагы геноцид үчүн күнөөлүү деп таап, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыраткан өкүмүн чыгарды. Согуш учурунда Багосора Руанданын Коргоо министрлигинде жогорку даражадагы кызматта отурган. 1996-жылы кармалып, ошондон бери камакта отурду. Руандадагы геноцидде 100 күндүн ичинде эле 800 миң адам өлтүрүлгөн.
XS
SM
MD
LG