Бүгүн депутаттар 2009-жылдын бюджетин экинчи окууда карай баштоо менен бирге 2010 жана 2011-жылдарга болжолдуу бюджет долбоорун да талкуулашат. Андан сырткары депутаттардын кароосуна бөлүштүргүч компаниялардын карыздарын реструктризациялоо боюнча мыйзам долбоору да коюлат. Бул маселе боюнча депутаттарга энергетика министри Ильяс Давыдов, каржы министри Тажикан Калимбетова жана салык комитетинин башчысы Акматбек Келдибеков маалымат берүүгө чакырылган.(AiT)