Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:38

“Ата Мекен” партиясынын жаштар канатынын мүчөлөрүн милиция кармады


“Ата Мекен” партиясынын жаштар канатынын лидери Жоомарт Сапарбаев, мүчөсү Калыс Боронбаев, партиянын аялдар канатынан Гүлнара Жоробаева Ош базарындагы шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып, базардын жанында кол топтоо акциясын токтоткула деп эскертүү берилген. Ал эми партиянын жаш канатынын башка мүчөлөрүн Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетишти. Бул тууралуу Жоомарт Сапарбаев “Азаттыкка” билдирди. Бүгүн “Ата Мекен” партиясынын жаштар канаты Ош базарынын кире беришинде бийликтен куугунтуктоону токтотууну талап кылып, өлкө жарандарынын колун топтой баштаган. (AJ)

XS
SM
MD
LG