Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:31

“Замандаш” журналы жылдын мыктыларын атады


Кечээ (18-декабрда) “Замандаш” бирикмеси ар кыл тармакта өзүн көрсөткөн мыктыларды аныктап, сыйлык тапшырды. Быйылкы жылы «Жылдын мыкты мамлекеттик ишмери» сыйлыгын Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов, Улуттук рухий дөөлөттүн бийиктешине салым кошкону үчүн режиссер Нурлан Абдыкадыров «Улут күзгүсү», Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан, гандбол боюнча олимпиадалык жана дүйнө чемпиону Талант Дүйшөбаевге «Улут сыймыгы» деген сыйлык ыйгарылды. Ал эми «Жылдын мыкты дарыгери» сыйлыгы Бишкектеги №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбековго, «Жылдын мыкты мугалими» сыйлыгы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын педиатрия факультетинин деканы, профессор Сталбек Бакасовго тапшырылды. Жылдын мыкты журналисти катары“Курч калем” сыйлыгы менен «Азаттык» үналгысынын Бишкектеги бюросунун жетекчисинин орун басары Бурулкан Сарыгулова сыйланды. “Акыйкат жарчысы” аттуу сыйлык АКИпресс маалымат агентигине ыйгарылды. Сыйлыкты “Азаттык-медиа” мекемесинин жетекчиси Кубат Оторбаев тапшырды. «Ала-Тоонун торгою» деген сыйга жаш ырчы Токтобек Асаналиев, «Жылдын мыкты спортчусу» сыйлыгына грек-рим күрөшү боюнча Бээжин олимпиадасынын коло байгенин ээси Руслан Түмөнбаев ээ болду. (AJ)

XS
SM
MD
LG