Бүгүнкү парламент отурумунда 2009-жылга республикалык бюджеттин долбоору жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда. Парламенттин экономика, бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиев аталган долбоор Жогорку Кеңештин он комитетинде жана бюджет комитетинин он экиден ашуун кеңешмесинде талкууланганын, бул маселеге байланыштуу жарандык коомдордун, жергиликтүү администрациялардын сунушу эске алынганын билдирди. Каржы министри Тажикан Калимбетова келерки жылдын бюджети тууралуу маалымат берип, суроо-жооптор уланууда. (AJ)