Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:03

ЮНИСЕФ Кыргызстанга балдар маселесинде каралашат


Бул тууралуу бүгүн кыргыз Тышкы иштер министри Эднан Карабевдин Улуттар Уюмунун балдар корунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлү Тимоти Шаффтер менен жолугушуусунда айтылды. Анда министр ЮНИСЕФтин 2005-2010-жылдарга белгиленген программасынын биринчи баскычы ийгиликтүү өткөнүн белгиледи. Кыргызстанга балдардын тамактануусун жакшыртууга багытталган улуттук программага эки жүз жетимиш миң АКШ долларын бөлүп бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Т. Шаффтерге колунда жок үй-бүлөлөргө акчалай төлөмдөрдү берүү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө балдар жакырчылыгы менен күрөшүүгө жардамдашуу, жаңы төрөлгөн балдарды караган медицина кызматкерлеринин дареметин күчөтүү сыяктуу долбоорлорду карап көрүүнү сунуштады. ТИМден билдиргендей, тараптар мындан ары ийгиликтүү кызматташууну улантууну макулдашты. (EBM)

XS
SM
MD
LG