Бул тууралуу “Азаттыкка” Элдик революциялык кыймылдын Улуттук кеңешинин төрагасы Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, оппозициянын башын бириктирген жаңы кыймылды түзүү жөнүндөгү макулдашууга 24-декабрда “Хаят” мейманканасында салтанаттуу түрдө кол коюлат. Жаңы саясий күч "Бириккен элдик кыймыл" (БЭК) деп аталып, ага 4 кыймыл, 7 партия бириге турган болуп жатат. Анын негизинде кыймылдын саясий органы катары Улуттук кеңеш жана саясий партия, кыймылдын лидерлери кирген аткаруучу орган - бюро түзүлөт. Андан тышкары кыймылдын милдеттери менен иштөө тартиби камтылган жобо кабылданат. Жаңы кыймылга кирген күчтөр башкы милдет Курманбек Бакиевди президенттиктен кетирип, убактылуу өкмөт түзүү жана жаңы Конституцияны кабыл алуу жана анын негизинде бийлик бутактарын түзүү деген пикирде турушат. Азимбек Бекназаровдун билдирүүсү боюнча, жаңы кыймыл түзүлгөндөн кийин ага кирген мурунку кыймылдар жоюлат жана кыймылга кирем деген партиялар менен жарандарга эшик ачык болот.(BD)