Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:27

Кыргыз президенти Казакстанда


Президент Курманбек Бакиев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен уюштурулган КМШ президенттеринин бейрасмий жолугушуусунан келе элек. Мындай маалымат президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиевден алынды. Мамлекет башчылардын бейрасмий жолугушуусуна КМШдагы 6 мамлекет-Армения, Беларусь, Орусия,Казакстан, Кыргызстан, Тажикстандын президенттери катышты. Ага Өзбекстан менен Түркмөнстандын президенттери келишкен жок. Форумда Орусия президенти Дмитрий Медведев дүйнөдөгү өнүккөн 20 мамлекеттин башын кошкон "Ири 20лыктын" эмдиги жылдын апрель айында болчу саммитинде Орусия КМШнын кызыкчылыгын колдойт деп билдирди. Аталган саммитте экономикалык кыйынчылыктан чыгуунун бирдиктүү жолу талкууланат. (BD)

XS
SM
MD
LG