Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:45

“Ата мекендин” эки активистинин иши эртең шаардык сотто каралат


Бул тууралуу “Ата мекен” партиясынын жаштар канатынын жетекчиси Жоомарт Сапарбаев “Азаттыкка” билдирди. 19-декабрь күнү “Ата мекен” партиясынын жаштар канатынын мүчөлөрү, оппозициядагы саясатчыларды куугунтуктоону токтотууга чакырган кол топтоо акциясын өткөрүү учурунда кармалышып, алардын экөөнө Ленин райондук соту тарабынан үч күнгө камакка алуу чечими чыккан. Акциянын уюштуруучуларына милицияга баш ийген эмес жана акцияларды өткөрүү эрежелерин бузушкан деген айып тагылган. Бирок акциянын уюштуруучулары Ленин райондук сотунун чечимине нааразычылык билдиришип, Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылышкан. Эми эртеңкиге белгиленген сот ишинде шаардык сот Ленин райондук сотунун чечимин туура деп тапса, “Ата мекен” партиясынын жаштар канатынын мүчөлөрү Калыс Боронбаев менен Гүлниза Бейшенбаева үч күнгө камакка алынышы мүмкүн. “Кандай болгон күндө да биз кол топтоо акцияларын уланта бермекчибиз”,- дейт Жоомарт Сапарбаев. (IJz)

XS
SM
MD
LG