Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

Сауд Арапстанда 8 жашар кызды сот күйөөсү менен ажыраштырбай койду


Сегиз жашар кызды атасы 58 жаштагы кишиге "башын байлаган" экен. Кыздын энеси буга каршы болуп, сотко кайрылган. Бирок сот “кыздын энеси арыз бергенге укугу жок, кыз өзү ажырашам деп арыз бериши керек” деп, аны күйөөсү менен ажыраштырбай койгон, деп кабарланууда. Соттун төрагасы Абдулла Жтилинин (Abdullah Jtili) айтымында, кыз азырынча 58 жаштагы кишиге турмушка чыкканын өзү да билбейт. Туугандары билдиришкендей, кызды атасы аны 58 жаштагы кишиге оозеки эле "башын байлап" коюптур. Алар кызы 18ге чыкканда гана берки карыя болуп калчу киши менен жашай алат деп макулдашышкан экен.

XS
SM
MD
LG