Мындай маалымат БУУнун айыл чарба азык-түлүк уюму жарыялаган “Купуя байлыкка жаңы жарык” деп аталган докладда айтылат. Уюмдун иликтөөсү боюнча картошканы Кытай, Орусия, Индия, АКШ, Улуу Британия, Германия, Польша, Бангладеш жана Иранда көп жешет. Бирок киши башына эсептей келгенде биринчи орунга Беларус, экинчиге Кыргызстан чыккан. (BD)