Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Оппозициялык күчтөр бүгүн түштөн кийин жыйынга чогулат


Анда оппозициялык “Акыйкат үчүн”, Элдик Революциялык кыймылы, “Бирдиктүү Кыргызстан” коомдук-саясий кыймылы жана “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын лидерлери биригүү маселеси жөнүндө сүйлөшмөкчү. Элдик Революциялык кыймылдын лидерлеринин бири Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча түзүлүүсү күтүлүп жаткан Бириккен Элдик Кыймыл деп аталган жаңы кыймыл азыркы президентти кызматтан кетирип, убактылуу өкмөт түзүү жана жаңы Конституцияны кабыл алуу максатын көздөйт. Жаңы кыймыл түзүлгөндө мурунку кыймылдар жоюлат. Бириккен элдик кыймылга төрт кыймыл жана 7 саясий партия кирүүнү көздөп жатканы белгилүү.(ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG