Аталган партия төрагасы Турсунбай Бакир уулунан алынган маалымат боюнча соттук териштирүүнүн жылдырылуусуна Жогорку Кеңештин өкүлү бошой албагандыгы себеп болгон. “ЭрК” партиясы “Пикет, митингдерди өткөрүү тууралуу” президент кол койгон мыйзамды жокко чыгаруу өтүнүчү менен күз айларынын башында Конституциялык сотко кайрылган. Буга байланыштуу соттук териштирүү жаңы жылдын январь айларында болушу күтүлүүдө.(ZKo)