Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:00

Чүйдө энегетикалык каатчылыкка байланышкан акция болбой калды


22-декабрь энергетиктердин кесиптик майрамы, бул кундү утурлай Чүйдөгү бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү электр энергиясына байланыштуу ар бир район борборунда каршылык акцияларын уюштурмак. Мындай чечимди 16-декабрь күнү Москва районунда өткөн нааразылык акциясы учурунда жергиликтүү лидерлер кабыл алышкан. Бирок иш чарадан кийин уюштуруучулардын бири Сапар Аргынбаевди 10 күнгө камакка алуу туурасында райондук сот чечим чыгарган. Ал эми уюштуруучулар муну саясий кысым жана каршылык акциясын өткөрбөөнүн бир аракети катары баалашкан болчу. Облус губернатору Кубанычбек Сыйданов болсо, С. Аргынбаев иш чаранын алдында мыйзам бузууларга барган деп «Азаттыкка» билдирген. «Мына ушундай камакка алуулардын кесепетинен бүгүн Чүйдөгү каршылык акциясы болбой калды»,- деп билдирди уюштуруучулардын бири Уран Рыскулов. (JJ)

XS
SM
MD
LG