Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:16

Ишенбай Кадырбеков укуктук жана саясий коргоону өтүнүүдө


Курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси, 2008-жылдын 15-апрелинен бери Бишкек СИЗОсунда камалып жаткан Ишенбай Кадырбеков бүгүн укуктук жана саясий жардам берүүсүн өтүнгөн кайрылуусун мамлекет башчы Курманбек Бакиевге, БУУнун адам укугун коргоо комитетине, ЕККУ өкүлчүлүгүнө, бир катар элчиликтерге жана маалымат каражаттарына жолдогон. Анда Ишенбай Кадырбеков баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу буга чейин берген өтүнүчтөрүнүн баары жокко чыгарылып жаткандыгын белгилеп, өзүнүн камалышын саясий мүнөзгө ээ, деп билдирген. Кайрылуу ээси “тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук кылат,” деген шылтоо менен баш коргоо чарам өзгөртүлгөн жок, эми соттук териштирүү жүрүп жаткан учурда буга бут тосуунун кандай кажети бар?”, деп суроо коет. Ишенбай Кадырбеков өзүнүн үстүнөн саясий негизде, апрель айындагы оппозициянын курултайына катышкандыгы үчүн козголгон кылмыш иши боюнча бүгүнкү күнү акниет курулушчулар куугунтукка түшүп жаткандыгына тынчсыздануу менен укуктук жана саясий коргоого муктаждыгын билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG