Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

22-декабрда Жалалабат облусунун коомчулугу КамбарАта ГЭСине барышты


Гидротүйүндүн курулушу менен бүгүн облустун аксакалдары, район- шаарлардын жетекчилери таанышты. Алар күйүүчү май,электр шамы, курулуш материалдары түрүндө 3 миллион сомдук жардам көрсөтүштү. Жумушчулар жер алдындагы казуу иштеринин татаалдыгын айтышып, жогорку чеберчилиги жок жарандарга айлык аз төлөнүп жаткандыгына нааразылыгын билдиришти. Энергетиктердин бүгүнкү кесиптик майрамына байланыштуу көркөм өнөр ээлери энергетиктерди куттуктап, оюн-зоок программасын тартуулашты. Облустук бийлик ГЭС курулушунун алдыңкыларына ардак грамоталарын тапшырды. Эл арасында болсо электр жарыгынын улам өчүрүлүп жатканына кабатыр жана нааразылыктар айтылууда. (YA)

XS
SM
MD
LG