Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:45

«Чыгышэлектр» ишканасынын Нарын филиалына мамлекет 9,2 миллион сом бересе


Бүгүн Нарын шаарында энергетиктердин күнү облустук алкакта белгиленди. Анда жергиликтүү бийликтер тарабынан өңчөй куттуктоолор айтылып, электр тармактарынын айрым кызматкерлерин кажыбас иш-аракеттери үчүн облустук жана Нарын шаар, райондук акимчиликтердин Ардак Грамоталары менен сыйлоо жөрөлгөсү болду. Областтык акимчиликтин бөлүм башчысы Ырысбек Шалтаев «Чыгышэлектр» акционердик коомунун Нарын филиалында капиталдык оңдоо иштери өткөн 11 айда 148 пайызга аткарылгандыгын, 81 трансформатор оңдолгондугун, 35-20-10 киловольттук «Нарын-3» подстанциясы бүткөрүлгөндүгүн билдирет. Ал эми филиалдын дебитордук карызынын жалпы суммасы 351 миллион сомду түзсө, анын 9,2 миллион сому бюджетке туура келет. Айрым маалыматтарга караганда Нарын облусуна эң алгачкы электр жарыгы 1939-жылы Ат-Башы районундагы Казыбек айылында ишке ашырылган. (KUs)

XS
SM
MD
LG