Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:36

Нарындык энергетиктер ноябрдын эмгек акысын алыша элек


Мындай маалыматты «Чыгыш электр» ачык акционердик коомунун Нарын облусундагы филиалынын директору Керимбек Насыров билдирди. Аталган ишканада 900 кызматкер иштейт, алардын айлык акы фондусу 4,5 млн. сомго барабар. Учурда алар ноябрь айынын эмгек акысын алыша элек. Бирок чарбалык мекеме болгондуктан жаңы жылга чейин айлык акыга болгон карыздардан кутулууга болот. Насыровдун айтымында декабрда облуска бөлүнгөн электр энергиясынын лимити 57 млн. кВтты түзүп, чектен ашкан эмес, натыйжада катуу суук болбосо жарык өчүрүүлөр январь айында 4-5 саатка жетиши мүмкүн. Учурда облуста 8 саатка электр жарыгы өчүрүлүп жатат. Бирок айылдарда бир суткада 14 саат жарык берилбей жаткандыктарын элеттиктер айтышууда. (JI)

XS
SM
MD
LG