Линктер

бейшемби, 17-август, 2017 Бишкек убактысы 05:47

Жалал-Абат облусунда журналисттердин кырсыкка учураганы жалган


Мындай маалымат областтык бийликтин маалымат кызматынан алынды. Орозалы Карасартовдун айтымында, 11 журналист кечээ жол кырсыгына учураган эмес. Алар энергетиктердин күнүндө Камбар-Ата 2-гидротүйүнүндө болушту. Бүгүн айрым маалымат каражаттары аяз аталарды күтүп алуу үчүн Кара-Кулжа районуна бараткан чакан автобус Ош-Бишкек жолунда ала салып, аңтарылып кеткендигин, унаада НТС, «Тынчтык» сыналгыларынын кызматкерлери болушканын жазышкан. Журналисттер денесинен түрдүү деңгээлде жараат алышканы, алар мейманканага башка автоунаалар менен жеткени жана Туризм агенттигинин кызматкерлеринин кайдыгерлиги тууралуу маалымат таркатышкан. Жол кырсыгын тастыктаган туризм агенттиги журналисттер сапарын андан ары улантканы жөнүндө билдирген. Ички иштер министрлиги Ош-Бишкек жолунда журналисттерге байланыштуу жол кырсыгы катталбаганын маалымдаган. (YA)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG