Бул тууралуу жарыя жасаган Европадагы Коопсуздук жана кызматташттык уюмунун жетекчиси Антти Турнен миссияны узартууга бир гана өлкө каршы чыкканын билдирди. Кеп мында Орусия тууралуу жүрүп жаткан шекилдүү. ЕККУнун Грузияда иштеп жаткан 180 өкүлүнүн, анын ичинде Түштүк Осетия менен элдешүүнүн сакталышын көзөмөлдөгөн куралсыз байкоочулардын мандаты 31-декабрда аяктайт.