Президент Курманбек Бакиев Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосунда “Жерди жана кыймылсыз мүлктү каттоого алуу” долбоору жөнүндөгү макулдашууну ратификациялаган мыйзамга кол койду. Анын негизинде банк алдыдагы 3 жыл ичинде Кыргызстанга 5 миллион 800 миң доллар бөлөт. Ага жер жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоого алуунун бирдиктүү маалымат системасы түзүлүп, өлкө жеринин картографиялык материалдары жаңыртылат. (BD)