Албанияда жашыруун полициянын мурдагы кызматкерлерине мамлекеттик мекемелерде иштөөгө тыюу салган мыйзам кабыл алынды. Мыйзам үчүн парламентте 74 депутат макул деп добуш берип, 63 депутат каршы чыкты. Мыйзамга ылайык, 1944-жылдан 1990-жылдын декабрына чейин коммунисттик режим учурунда “Сигурими” аттуу жашыруун полицияда иштеген кызматкерлер эми мамлекеттик кызмат орундарын ээлей албайт. Өлкөнүн премьер-министри Сали Бериша Албания “коммунисттик доордун киринен тазаланышы керек” деп билдирди.