Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:36

Мектеп жашына чейинки балдар үчүн китеп чыгарылат


ЮНИСЕФтин колдоосу менен мектеп жашына чейинки балдар үчүн 14 миң китеп жарык көрүү алдында турат. ЮНИСЕФтин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн берген маалыматында, бардык китептер өлкөдөгү алдыңкы деп эсептелген психолог, сүрөтчү, адистердин катышуусу менен иштелип чыккан. Жакында республиканын ар бир бала бакчасына 30 китептен таратылышы күтүлүүдө. Журналист-педагог Абдыкерим Муратовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, буга чейин бөбөктөр үчүн республикада болгону “Байчечекей” журналы гана чыгып келген. Каражаттын тартыштыгынан ал болгону эки миңге жакын гана нускада жарык көрчү. (AzK)

XS
SM
MD
LG