Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Жер алдындагы жол менен түрмөдөн качып чыгуу аракетине бөгөт коюлду


№3 абакта жер алдынан сыртка чыгууга мүмкүнчүлүк берүүчү жол казылгандыгы аныкталды. Бул маалыматты жаза өтөөчү жайлар башкармалыгынын башчысы Калыбек Насбеков “Азаттыкка” тастыктап, жер алдынан казылган жолду каздыргандар жана казгандар аныкталгандыгын билдирди. Анын айтуусунда түрмөнүн ичинен сыртка карай жер алдынан казылган жолдун узундугу 11 метрди түзөт. Мындан тышкары №16 жаза өтөөчү жайында да узундугу 17 метр келген жол жер алдынан казылган. Аны аталган абактагы баш-аламандыктан кийин абакташтарынын колунан каза тапкан Кадырбек Абдышев менен Эрмек Урманбетов каздырганы айтылууда. Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-августунда №16 абакта жаза өтөп жаткандар баш-аламандык кылып, эки түрмө кызматкерин өлтүрүшкөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG