Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Аскерге баргың келбесе, мамлекетке 12 миң сом төлө


18 жаштан 27 жашка чейинки аскердик кызматка жарактуу уландар атайын эсепке 12 миң сом төгүп, аскердик милдет өтөөдөн бошоно алышат. Мындай мыйзамдын долбоорун коргоо министри Бактыбек Калыев бүгүн ЖК Социал-демократтар фракциясына тааныштырды. Анын айтуусунда учурда аскерге жарактуу уландардын саны талап кылынгандан ашыкча болууда. Ошондуктан, кандайдыр бир себептер (ден соолугунан башка) менен аскердик кызмат өтөөгө мүмкүнчүлүгү жок жигиттер мамлекетке акчалай каражат төгүү менен бул милдеттен кутула алышат. Ал эми алар тарабынан атайын эсепке төгүлгөн каражат кыргыз аскерин базалык-техникалык жактан жакшыртууга жумшалмакчы. Социал-демократчылар бул мыйзам долбооруна түрдүү пикирлерин билдиришти. Депутат Асылбек Жээнбеков аскердик милдетин мындай мүнөздө өтөгөн жигиттер келечегинде мамлекеттик кызматтарда, күч органдарында иштөөгө акысы жок болушу керек, деп эсептейт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG