Линктер

шаршемби, 23-август, 2017 Бишкек убактысы 17:57

Кара-Кулжа районунун Алайкуу айылы энергетикалык блокадага кабылды


Жарык өчкөнүнө туптуура үч күн болду. Тиешелүү уюмдар тарабынан эч кандай аракет байкалбайт, балдарыбыз мектепке барбай калышты дешет Алайкуу районунда жайланышкан 4 айыл өкмөттүн тургундары. Мындай маалыматты район акими Айтмамат Осмонов да ырастады. Оштогу жогорку чыңалуудагы электр ишканасынын директору Абдыкалык Молдоисаев кар калың жаап, ток өткөргүч жабдууларга муз тоңгондугуна байланыштуу авариялык өчүрүүлөр болгондугун, кырсык баскан түйүндөр калыбына келтирилгенден кийин гана электр энергиясы жандырылаарын маалымдады. (АТо)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG