Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Жалал-Абатта областтык акимчиликте диний кырдаал талкууланды


23-декабрда Жалал-Абат областтык бийлигинде «диний уюмдар менен лидерлердин чыр-чатактарды чечүүдөгү ишмердиги» аттуу тегерек үстөл талкуусу болуп өттү. Талкууга облустагы бейөкмөттүк жана мамлекеттик, дин уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Дин агенттигинин түштүк аймагындагы башчысы Курбаналы Узаков Ош облусунда жана Жалал-Абат облусунун айрым райондорунда диний кырдаал оор экендигин белгиледи. Анда айтылгандай, Орозо айтта жаңжал чыккан Ноокат районунда мектепке караганда мечит көптүк кылат. Дин эркиндиги тууралуу Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга протестанттар менен аз сандуу диний жана эл аралык уюмдар каршы чыгууда. Экстремисттик уюмдар ислам динин үйрөтмөк болуп, сабатсыз жана бей-бечаралардын балдарын тартып алууда. Сузак районунда «Хизб-ут-тахрир» партиясынын мүчөсү Орусия, Казакстандын армиясы тууралуу маалымат топтоп, андан аскерлердин картасы табылган. Райондо Ахмадия, Акрамия деген уюмдар да иштөөдө. Калк арасында экстремисттик жана террорчул уюмдар жөнүндө түшүнүк жок. Динге билимсиз адамдар үгүттөөдө. (YA)

XS
SM
MD
LG