Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:34

Оппозиция Бирдиктүү элдик кыймыл түзүү макулдашуусуна кол коет


Кол коюу саат 11де “Достук” мейманканасында болот. Элдик революциялык кыймылдын Улуттук кеңешинин төрагасы Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча кол коюлгандан кийин жаңы кыймылдын түзүлгөндүгү жөнүндө элге билдирүү таратылат. Андан тышкары кыймылдын алдыга койгон милдеттери жана аракеттери тууралуу президент менен элге кайрылуу жолдонот. Жаңы кыймылдын жетекчилери милдеттенме жана жобо кабыл алышат, бирок ал ички документ катары жарыя кылынбайт. Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын депутаты Ибрагим Жунусовдун баамында, оппозиция бирдиктүү бир кыймыл түзгөн менен бир аракетке бара албайт, себеби алардын ар биринде лидер болуу дымагы күчтүү. (BD)

XS
SM
MD
LG