Кыргыз оппозиционерлери январь айында Орусияга барып, ал жердеги саясатчыларга өзүлөрүнүн максат, пландары жана аракеттери тууралуу маалымат беришет. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев билдирди. Оппозиция өкүлдөрү АКШга барып, ал жердеги саясатчылар менен баарлашкандан кийин кызматташуунун ушундай жолу натыйжалуу деген ойго келишкен. (BD)