Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Ирак парламенти чет өлкө аскерлеринин дагы калуусуна уруксат берди


Ирак парламенти бир нече өлкөнүн аскер күчтөрүнө кийинки жылдын июль айына чейин калууга уруксат берген макулдашууну жактырды. Кечээ парламенттин төрагасы Махмуд ал-Машхадани кызматынан өз каалоосу менен кеткенден кийин парламент макулдашуу үчүн добуш берди. Бириккен Улуттар уюмунун алдындагы эл аралык аскер күчтөрүнүн Иракта калуу мөөнөтү ушул жылдын 31-декабрында аяктамак. Буга чейин Ирак менен АКШ ортосунда дагы бул багытта келишим түзүлгөн. Ага ылайык, америкалык жоокерлер Иракта 2011-жылдын аягына чейин калат.

XS
SM
MD
LG