Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:02

Чолпон Орозобековага мурда эле издөө салынган


Бул тууралуу анын адвокаты Нина Зотова бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, “Де факто” гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобековага издөөнү Бишкек прокуратурасы жарыялаган. Азыркы мезгилде “Де факто” гезитине байланыштуу кылмыш иши Биринчи Май райондук сотунда жок. “Ал ишти издөөгө бейшемби күндөн тартып киришем. Анткени Чолпон Орозобева чет өлкөдө болгон менен ал иш боюнча экинчи адам да жүрүүдө. Ал укук коргоочу Качкын Булатов”,- деп белгиледи Зотова. “Де факто” гезити президенттин жакын туугандарынын арызы менен быйыл соттолуп, бир миллион сом айып пул салынган. Кылмыш иштин алкагында Орозобекова суракка чакырылып жаткан. (AiT)

XS
SM
MD
LG