“Ак жол” фракциясынын лидерлеринин бири Табылды Орозалиевдин пикиринде, оппозиция жаңыдан түптөгөн Бириккен элдик кыймылдын президентти мөөнөтүнөн мурун кызматтан кетирүү демилгеси Конституцияга каршы келет. “Азыркы кезде Конституция иштеп жатат. Саясий кризис жок. Оппозициянын мындай максат менен чыгуусуна эмне негиз болгону белгисиз”-, дейт Орозалиев. “Кыргыз оппозициясында конструктивдүү сунуш калбай, “кетсин” гана калган экен”,- деп кошумчалады фракция лидерлеринин бири.(AiT)