Кайрылууда “2005-жылы революциянын алдында жана президенттикке шайланып жатканда эски саясий системаны жок кылуу, мамлекеттик чиновниктердин ичинде коррупциядан арылуу, өлкөдөгү кылмыштуулукту азайтуу аркылуу элге татыктуу жашоо шартын түзүп берем деп убада кылгансыз. Тилекке каршы убадаларыңызды аткармак турсун, таптакыр тетири кеттиңиз, мурдагы президенттен ашып түштүңүз”, - деп жазылган. Ошондой эле Бириккен элдик кыймыл өлкөдө авторитардык, кландык, үй-бүлөлүк, криминалдашкан бийликтин күчөгөнүн айтып, энергетика тармагындагы кризистик абал, азык-түлүк продукцияларына жана күндөлүк керектелүүчү товарларга баалардын кескин өсүп кеткенинен калктын көпчүлүк бөлүгү кыйынчылыкта жашап жатканына белгилешкен. (КЕ)