Анткени анда уурулар көп,-деп билдирди Азимбек Бекназаров бүгүн Бириккен элдик кыймылды түзүү боюнча документтерге кол коюлгандан кийин. “Жаңы Кыргызстан” партиясынын баш катчысы Исмаил Исаков болсо жогорку бийлик тепкичинде сегизинчи орунда турган кызматтан өз ыктыяры менен кеткенин, анткени президенттин ички, тышкы, кадрдык саясатына макул эместиктен ошондой кадамга барганын дагы бир жолу белгиледи. Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы ошондой эле азыркы бийликтин кетүүсүнө кырдаал бышып жетилип калганын кошумчалады.Бийликтеги “Ак жол” фракциясынын өкүлдөрү болсо президенттин мөөнөтүнөн мурун кетирүү демилгесин Конституцияга каршы иш катары баалап жатат.(AiT)