Анда президент Курманбек Бакиев жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Мурат Суталиновго “Лица” гезитинин башкы редактору Бермет Букашевага түшкөн корктуулардын дарегин аныктоо өтүнүчү билдирилген. “Лица” гезитинде Өзбекстандын оппозиция лидери Мухамад Салихтин президент И.Каримовго ачык каты жарыялангандан кийин Берме Букашевага телефон чалуулар болуп, анда ага эскертүүлөр, коркутуулар жасалган. Букашева өзүнүн коопсуздугунан чочулап жатат. Анткени 2007-жылы Кыргызстанда Алишер Саипов атып өлтүрүлгөн. Ал Өзбекстан тууралуу сын макалары үчүн жабыркады деген түкшүмүлдөр күчтүү, деп жазылган Акыйкатчы алдында укук коргоочулар кеңеши 23-декабрда тараткан билдирүүдө.(AiT)