Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:03

Жүргүнчүлөрдөн акча талап кылган кыргыз милиция кызматкерлерин Тажикстандын чек арачылары кармап кетишти


23-декабрга караган түнү Тажикстандын Ляккан жана Баткен районунун Чоң-Талаа айылынын чектешкен жеринен эки милиция кызматкери Орусиядан иштеп кайтышкан тажик атуулдарынан акча талап кылганда, Тажикстандан алып беребиз дешип тажик чек арачыларына кармап беришкен. Кармоо учурунда бирөө качып кетүүгө үлгүргөн, ал эми экинчиси Тажикстандын Кожент шаарында убактылуу кармоочу жайда турат. Азырынча бул иш боюнча иликтөө иштери жүруп жатат. Мындай маалыматты Баткен облусунун коргонуу жана укук коргоо бөлүмүнүн башчысы Бакытбек Сагынбеков “Азаттыкка” билдирди. (KCh)

XS
SM
MD
LG