Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:53

Адам укуктары боюнча жарыяланган сынактын баш байгесин жалалабаттык окуучу жеңип алды


Бишкектеги «Эркиндик үнү» деген коомдук кор менен «Адилеттик» уюму окуучулар үчүн «Адам укугун мен кандай түшүнөм?” деген темада сынак уюштурган. Облустагы «Укук-баарына» аттуу басылманын кызматкери Илья Лукашовдун билдиришинче, ага Ош, Жалалабат, Баткен облустарынын 28 мектеп окуучусу катышты. Калыстар тобунун чечими менен Жалал-Абат шаарындагы №14 мектептин окуучусу Алина Султанова баш байгеге жетип,1-даражадагы диплом жана 1500 сом менен сыйланды. Анын жердештери Умар Мыктыбеков менен Аэлита Жуманазар кызы экинчи орунду ээлешип, ар бирине диплом менен миң сомдон сыйлык берилди. Жалал-Абат университетинин студенти Жайнагүл Исмаилова үчүнчү орунга чыкты. (YA)

XS
SM
MD
LG