Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

Бийлик жаңы кыймылды этибарга албайт


Оппозициянын Бирдиктүү элдик кыймылды түзүүсүнөн эч нерсе чыкпайт, ага көңүл буруунун деле зарылдыгы жок. Мындай пикирди “Азаттыкка” президенттик администрациянын атын атагысы келбеген кызматкери билдирди. Анын айтымында, биригип жаткан оппозициянын башкы максаты бийликти алуу. Ошон үчүн алардын ультиматум түрүндө айткан талабы мурунку талаптарынан эч айырмаланбайт. Эгер оппозиция дүйнөлүк кризистин алдын-алуу, энергетикалык кризисти жоюу боюнча конструктивдүү жолдорду сунуш кылса бийлик аны менен эсептешмек. Андай программа сунуш кыла албаган оппозиция жаңы кыймыл түзүп өз деңгээлин гана көрсөттү,- деди президенттик администрация кызматкери.(BD)

XS
SM
MD
LG