Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

“БЭК” максатын ишке ашыруу аракетине киришет


Кыргызстандагы 4 кыймыл жана 7 саясий партия биригип кечээ түзгөн "Бирдиктүү элдик кыймыл" 27-декабрда алгачкы жыйынын өткөрөт. Мындай маалымат макулдашууга кол коюлгандан кийин айтылды. Кыймыл андан кийин январдын орто ченинде ири акцияларды өткөрүп, бийликти кетирип, убактылуу өкмөт түзүү жана Конституцияны алмаштырып, Жогорку Кеңешке шайлоо өткөрүү максатын ишке ашыруу аракеттерин көрөт. Кыймылдын лидерлери азыркы бийлик акыркы 3 жарым жыл ичинде башкарууга кудуретсиз экендигин көрсөттү жана ага каршы митинг, акцияларды өткөрүү ар бир жарандын конституциялык укугу деп билдиришти. (BD)

XS
SM
MD
LG