Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:14

Конституциялык Сот экс-Акыйкатчынын арызын жаңы жылда карайт


Конституциялык Сот “Эрк” партиясынын төрагасы Турсунбай Бакир уулунун тынч жүрүш, митингдерди өткөрүү жөнүндөгү мыйзам Баш мыйзамга карама-каршы келет деген арызын 8-январда карайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” эск-Акыйкатчы билдирди. Анын айтымында, 24-декабрда кароо белгиленген арызды Жогорку Кеңештин жаңы жыл алдында иш көп болгондуктан соттун жүрүшүнө катыша албайбыз деген өтүнүчүнөн улам жаңы жылга калды. “Эрк” партиясынын жетекчиси бийликке “Жок” деген ураан менен жалпы өлкө боюнча 16-декабрда нааразылык акцияларын өткөрүүгө камданып, бирок аны Конституциялык Сот арызын карагандан кийин өткөрөрүн билдирген болчу. (BD)

XS
SM
MD
LG