Линктер

жекшемби, 20-август, 2017 Бишкек убактысы 06:16

“Ак тилектеги” мыйзамсыз салынган үйлөр бузула баштады


Бишкек мэриясынын жеке турак-жай курулуш департаменти кечээ “Ак тилек” жаңы конушунда уруксатсыз салынган үйлөрдү бузду. Мэриянын билдирүүсү боюнча ал жерде дагы 21 үй бар. Алардын ээлерине эскертүү таасир бербесе бузууга мажбур болушат. Ал эми экс-мэр Данияр Үсөновдун маалында “Ата Түрк” атындагы парктын аймагындагы бактарды кыркып салынган жеке үйлөр бузулат деген кабардын качан ишке ашаары белгисиз. Ал жер мамлекеттик кызматкерлерге жең ичинен берилген деген маалыматтан кийин эки депутат гана жерден баш тарткан менен башка үйлөрдүн тагдыры кандай чечилгени бүдөмүк. (BD)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG