Ал 24-январда сатыла турган ишканалардын карыздарын кечип, сатып ала турган кимдир бирөөгө жалаң активдерди берүү максатын көздөп турат, -деп билдирди социал-демократиялык фракциянын депутат Иса Өмүркулов. Ошондуктан ал энергетика ишканаларынын карыздарын кечүүгө каршы чыгып, ага жол бергендер жоопко тартылыш керек деди. Коммунисттер фракциясынын лидери Исхак Масалиев да энергетика ишканаларынын карызын кечүүгө каршы чыгып, алгач ушул абалга алып келгендерди аныктоо жана жазалоо керектигин белгиледи. Өкмөт энергетика компаниялардын 1 милилард 300 миллион сам карызын кечүү боюнча мыйзам кабыл алууну көздөп жатат.(AiT)