Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:56

И.Исаков: “Жаңы Кыргызстандын” баш катчысы бойдон кала берем


“Ал эми Үсөн Сыдыковдун Исмаил Исаковду партиянын баш катчылыгынан бошотулгандыгы тууралуу маалыматы реалдуулуктан алыс жана ал Сыдыковдун жеке чечими. Партиянын баш катчысын бошотуу үчүн курултай чакырылып, андан кийин чечим кабыл алыныш керек. Курултай 15-майга дайындалган”,-деп белгиледи Исмаил Исаков. “Жаңы Кыргызстан” партиясынын төрагасы Үсөн Сыдыков кол коюп тараткан маалыматта Исмаил Исаков саясий кеңештин чечими менен партиянын баш катчысы кызматынан бошотулганы жана партиядан чыгарылганы кабарланган.Маалым болгондой Исмаил Исаков 24-декабрда түзүлгөн оппозициялык Бириккен Элдик Кыймылга кошулган. Ү.Сыдыков ага каршы чыккан. (AiT)

XS
SM
MD
LG